Саясат

Президент Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды image Фото: Султан Досалиев

15 Май, 2019 132

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Тараптар коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты. Белгилей кетсек, Николай Патрушев Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз