Илим жана билим

Улуттук китепкана 85 жылдык мааракесин белгилөөдө image Фото: KTRK/videograp

16 Май, 2019 588

Бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы  улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Анын алкагында «Санариптешкен доордогу китептин орду» конференциясы, китепканачылардын ХI форуму жана башка иш-чаралар уюштурулду. 

Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.  

Китепкана 1934-жылы Кыргыз АССРинин чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 2014-жылы Алыкул Осмоновдун ысымы берилген. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз