Коррупция

Бүгүн тарых музей менен ат майдандын оңдолушу боюнча угуулар башталат image Фото: www

28 Май, 2019 629

Бүгүн  саат 16.00  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу иш  боюнча алдын ала угуулар башталат.

  Алгачкы отурум жабык өтөрүн  “Биринчи радиого” Жогорку соттон билдиришти.  Улуттук тарых музей менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда.  Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз