Маданият

Бишкекке кытайлык артисттер келди, алар «Манас» операсын коюшат image

11 Июнь, 2019 559

«Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынын борбордук опера театрынан келген чыгармачыл топту — 100дөн ашык адамды тосуп алышты. Алар 11-12-июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсын коюшат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келип, учурда театрда операны коюу үчүн жасалгалоо, жарык берүү жана уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз