Маданият

Бишкекте алгачкы жолу "Манас" операсы коюлду image Фото: KTRK/videograp

11 Июнь, 2019 1965

Бишкекте алгачкы жолу кытайлык артисттердин катышуусундагы "Манас" операсы коюлду. Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган чыгарманы көрсөтүүнү Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги менен Борбордук опера театры уюштурду.

Төрт көшөгөдөн турган опера чу дегенде эле "Манас" баатырдын Бээжин шаарына келип тактыга отурганы менен башталды. Дароо көзгө уруна турганы дүйнөгө кыргыз элин тааныткан “Манас” эпосунун опера жанрында кытай боордоштор тарабынан тартууланышы, ошондой эле кыргыздын улуттук кийимдеринин даңазаланышы.

Ооз комуз, комуз сыяктуу кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары коштолгон операда кыргыз күүлөрү, кыргыз бийлери оюн башталгандан аяктаганга чейин жаңырып турду. Операнын негизги идеясы ынтымак, биримдик жана жалпы журттун тынчтыгын камтыйт. Негизги өзөгү болсо "Манас" жана "Семетейдин" турмушу, эрдиги жана ийгиликтери камтылган. Опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган.

Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылган. Кытай өнөрпоздорунун Манас баатырдын мекенине келип “Манас” операсын тартуулашы дагы бир жолу кыргыз эли үчүн коңшу мамлекет менен болгон алаканын жогору экенин далилдеди.

Кыргызстанга күн мурунтан келген Кытайдын борбордук театрынын техникалык тобу, сахнага түркүн түстүү декорацияларды орнотуп, маданий иш чараны коюуну уюштуруу иштерин жүргүзгөн эле. Жогорку деңгээлде жасалгаланган дал ушул кутту сахнада аталган театрдын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу ойноду.

«Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөндүгүн айта кетели. Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн. "Манас" эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында чыгармачыл топ Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен кенен таанышып чыгышкан.

Операдагы түстүү костюмдар, музыка жана актерлордун чеберчилиги зал толо келген көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды. Манас таануучулардын бабамында, операда Манастын үчилтиги толук берилип, кыска убакыттын аралыгында эпостун мазмунунун эң маанилүү учурлары таасын чагылдырылган.

Айта кетчү жагдай, "Манас" операсы Кытайда тогуз жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган. 2018-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында да "Манас операсы көрсөтүлгөн. Ошондон кийин өлкө башчы кытай театрын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган эле.

Иш-чаранын биринчи күнү ШКУ саммитинин кадырлуу конокторуна, манасчыларга, коомдук ишмерлер үчүн коюлду. Ал эми 12-июнь күнү “Манас” операсы жалпы эле шаар тургундарына тартууланат.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз