Спорт

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамабыз Россияда машыгууда image Фото: www

12 Июнь, 2019 342

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Россияда машыгууда.  

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надирова дүйнө чемпионатына, калгандары  жаштар арасындагы Азия чемпионатына даярданып жатышат. 

 Дүйнө чемпионаты 14-22-сентябрь күндөрү Казакстанда өтүп,  Токиодогу Олимпиада оюндарына жаңы лицензиялар ойнотулат. 

Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда өтөт.  Машыгуулар  22-июнда аяктайт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз