Коргонуу жана коопсуздук

Кытай Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 30 миллион юанга жабдыктарды тапшырат image Фото: www

14 Июнь, 2019 465

Кытай  Өкмөтү менен Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Кыргызстандын Ички иштер министрлигине  30 миллион юань суммасындагы жабдыктарды берет. 

Бул тууралуу  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин  Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолугушуусунун жыйынтыгы  менен кол коюлган Протоколдо белгиленген. 

Бул материалдык-техникалдык жардамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. 

Эске салсак, Бишкек шаарында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин  Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолугушуусу  болду.  Анын  алкагында   кызматташууну    мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз