Дүйнө жана Кыргызстан

Беларусь Республикасы эгемендүүлүгүн белгилөөдө image

3 Июль, 2017 7466

Бүгүн, Беларусь Республикасы 26 жылдык эгемемендүүлүгүн майрамдайт. 1991-жылы Беларусь да Кыргызстан  сыяктуу   эчен кылымдан кийин  көз карандысыздыкка  жеткен. Эки өлкөнүн тарыхый тагдыры абдан окшош. Анын үстүнө Беларуста кыргыздарга тектеш татар калкы жашайт. Белгилей кетсек беларусь элинин маданият  менен каада–салттарына  Европа абдан  таасирин  тийгизген. Орто кылымда  беларус эли   өз мамлекеттүлүгүн курган.

Беларусь адегенде көз карандысыз күнүн  белгилөө жөнүндө  1991-жылы  27-июлдан баштап жарыялаган. Бирок  1996-жылы 24-ноябрда өлкөдө эгемендүүлүк күнүн 3-июлда белгилөө   туралуу жалпы элдик  референдум өткөрүлгөн. Анткени 1944-жылы 3 –июлда  Беларустун    борбору Минскти немец баскынчылардан Советтик армия бошоткон. Ошондуктан бул сунушту референдумда  беларус эли  бир добуштан колдоп берген.1996-жылы 11-декабрда мамлекеттин башчысы Александр Лукашенко 3-июль Беларустун  көз  карапндысыз күнү катары белгиленсин деген декретке кол койгон. Ошондон бери Беларус ушул датаны эгемендүүлүк  күнү катары белгилейт. Улуу Ата –Мекендик  согуштун  учурунда ар бир төртүнчү беларус курман болгон.

Ал эми маданият тармагында   Беларусь ар бир жылы  ар түрдүү 60 фестиваль өткөрө турганын да кошумчалай кетсек болот.  Бул өлкөдө  6 кылымдан бери  кыргыздарга тектеш Крым менен Волга дарыясынын боюнан көчүп келген татарлар жашайт. Алар   Алтын Ордодогу  жарандык согуштан качып Литва, Польша жана Беларустан  баш паанек тапкан. Беларус татарлардын  кыргыздарга окшош каада салттары бар. Тилекке  каршы булар өз тилин жоготуп койгон. Жогоруда сөз болгон татарлар  Беларус  мамлекеттинин пайдубалын түптөгөнгө зор салым кошту. Эң кызыгы орто кылымда  бул татар  калкынын арасынан чыккан  илимпоздор   Европада биринчилерден болуп Ыйык Куран китебин беларус тилине которгон.

Кыргызстан менен Беларусь   өнөктөш мамлекеттер.Мындан сырткары Кыргызстан  жана Беларусь Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери өлкөлөр ортосунда мамилелер жаңы деңгээлге  көтөрүлдү.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Расул Багышбаев. Биринчи Радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз