Вице-премьер министр Жеңиш Раззаков кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маалымат берди   2 Авг, 2019 130

Кыргыз тажик чек арасындагы абал турукташты. Бирок, эки өлкө ортосундагы такталбаган аймактарды делимитация жана демаркация иштерин тездетүү мидети алдыда турат. Эми чечкиндүү кадамдар башталып, тиешелүү түзүмдөр президенттин аракетин улантат деген ишеним пайда болду. Эми Кыргызстан тараптан кандай аракеттер көрүлөт?

Бүгүнкү "Күндүн темасы" уктуруусуна Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Раззаков катышып, чек арадагы абал боюнча кеңири маалымат берип угармандардын суроолоруна жооп берди.