"Күндүн темасы": жергиликтүү аксакалдар соттору   11 Сент, 2019 165

Кыргызстанда 795 аксакалдар соту иштейт. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде аксакалдар соттору карай турган 5 берене болгон. Ал эми Бузуулар жөнүндө кодексинде аксакалдар сотторуна тиешелүү бир дагы берене жок. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да даярдалууда.

Уктурууга Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Рахманкул Мендекеев, Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы Сатыбек Жумаков, Бишкек шаарынын 1-май районундагы №15-муниципалдык аймактык башкаруунун аксакалдар сотунун төрагасы Рахатбек Байшериев катышууда.