"Күндүн темасы": Канткенде кыргыз милициясы эл ишенимине толук татыктуу боло алат?   11 Сент, 2019 257

Кыргыз милициясы өз катарын милициянын беделин бузган карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек. Бул өкмөт башчы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде айтылды. Канткенде кыргыз милициясы эл ишенимине толук татыктуу боло алат? Кадрдык алешемдиктер, кызматкерлерди социалдык колдоого алуу, материалдык техникалык базаны чыңдоо сыяктуу маселелер кандай чечилиши керек? Милицияны тазалоонун жолдору кандай? 

Уктурууга КР ИИМнин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Жоошбаев Султан Жоошбаевич жана КР ИИМнин коомдук кеңешинин төрагасы Даутов Ялкун Умержанович катышууда.