Жарым жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин "Жүнгөгө сапар" программасы КТРКнын эфирине кайтып келди image Фото: www

18 Окт, 2018 1304

Өзүңүздөр билгендей, КТРКда болгон олуттуу иш-аракеттерди, жасалган кадамдардын бардыгын ачыктап, элгеотчет берип келем. Бул ишти улап, жаңы кол коюлган келишим жөнүндө дагы айтпайкоё албайм.

2004- жылы КТРКда Токтобүбү Айтикеева айым башкы директор болупиштеп турганда КТРдин эфиринен биринчи жолу "Жүнгөгө сапар" аттуу Синьцзян телемекемесинин көрсөтүүсү кетип турчу. Бул көрсөтүү Кытай мамлекетинин экономикалык, туристик, социалдык потенциалдары, жетишкендиктери жөнүндө саясатсыз мазумуну менен белгилүү. 2004-жылы КТРге жылына булкөрсөтүү үчүн 35 000 АКШ доллары төлөнүп, жылда суммасы барган сайын көбөйүпкелген. 

Акыркы жолу "Жүнгөгө сапар" көрсөтүүсү КТРКнын эфиринен 2007- жылы Мелис Эшимканов башкы директор болуп иштеп турган учурда чыгып, ал киши келишимди токтоткон. Себеби,Кытай тараптан жылдык акчанын көлөмүн көбөйтүү талабы коюлуп, Кытай тарап көнбөй, келишим бузулуп, көрсөтүү токтоп калган. Ошол учурда келишимдин суммасы жылына 200 000 АКШ доллары болгон. "Жүнгөгө сапар" көрсөтүүсү кийин ЭлТР телеканалы менен келишим түзүлүп, жакынкы арага чейин ЭлТРдин эфиринде чыгып келген.

Жарым жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин "Жүнгөгө сапар" программасы КТРКнын эфирине кайтып келди. Бул көрсөтүүнү кыргыз тилинде КТРКнын эфиринен саат 15.45те көрө аласыздар. 

Келишимдин суммасы жылына 306 000 АКШ долларын түзөт. Бул каражат түз эле Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин эсебинде которулат. Ал жактан мыйзамда бекитилген тартипте бул акча каражаты толугу менен КТРКнын кызматкерлеринин гонорар,премия төлөмдөрүн каржылоо үчүн жумшалат.

Урматым менен Илим Карыпбеков.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1