Улуттук кийимдер

26 , Июнь, 5:00 362

Улуттук кийимдер: чечен улуттук костюму ачыктыкты, салтанатты жана эркиндикти сүйө тургандыгын даңазалап турат

image

Чечен эли тээ илгертеден тартып эле мал - жандык багуу менен алектенишкен,андан тон, бут кийим, жүндөрүн алып кийиз жасап, кездемелерди чыгарышкан. Жеңил өтүк тоо-таштарда жүрүүгө ыңгайлуу болсо, белдерине дайым ар кандай кырдаалдар үчүн кылыч менен канжар илинүү болгон. Бирок аны жашы жете элек 14 жашка чейинки кичине балдарга канжар менен кылычты илип жүрүүгө уруксат берилген эмес.

Чечен элинин маданияты башкалардан өзгөчөлөнүп турат эмеспи жана өзгөчө жакын жайгашкан кошуна мамлекеттер менен дагы бирге аракеттенип алдыга дайым умтулуп тураары анык. Жашоодогу алдыга койгон багыттары, мүнөздөрү, салттарынын баары чечен элинин улуттук кийиминде камтылып турат. Алардын улуттук костюму ачыктыкты, салтанатты жана эркиндикти сүйө тургандыгын даңазалап тургандай. Ал эми ошол эле кой терисинен даярдалган ичик тондор, нооту, кийизден жасалган жалпысынан баардык кийимдер баары жергиликтүү айыл-чарба сырьесунан гана дайындалат.

Чечен элинин мырзаларга арналган улуттук кийимдери негизи 2 бөлүктөн турат, алар: узун этектүү бешмет, кафтан жана ылдый жагы ичкертилген шым. Экөө тең кыймылдаганда ыңгайлуу болгондой жеңил кездемелерден тигилет. Бешметтин моюн тарабына топчулардын ордуна өрүлгөн сымаал боолор киргизилип, көкүрөк тарапты ынтыматуу бекем тартып турат. Узундугу боюнча бешмет 8-10 см чейин тизеден бир аз эле өйдө болот. Ал эми кафтандын колунун узундугу алаканга жетип, жеңинин учу кайрылып турат . Белге жеткенде кафтан кеңейип кете берет, муну менен кошо дене мүчөнү салабаттуу, күчтүү көрсөтөт. Курагына келип калган эркектер тизеден бир аз узунураак жана жылуурак кафтандарды кийишкен. Мындай салттуу кафтандар үйдө же эс алуу күндөрү кийе турган кийимдер катары колдонушчу. Бешметтер болсо казак аскерлеринде кийилчү шым болгон.

Ал эми чечен элинде мырзалардын майрамдык улуттук кийими “черкес” деп аталган. Черкес кафтандын узундуулугу менен тең бычылган. Черкес адатта мыкты сапаттагы ноотулардан тигилген. Ал белден гана бекем байланып боор жагы ачык жана жакасыз болгон. Жеңдери беш манжанын жарымысына чейин жетип турган, ошондуктан аны бир аз кайрып койгон учурлары дагы кездешет. Черкестин эң кызыктуу жери боорунун эки жагында эки кичинекей чөнтөктөр болот, алардын ичинде ичке манжанын көлөмү менен киргендей, 5 тешик калтырып алардын ичине газыри деп аталган жыгач сымаал атылма заттар салынган болгон. Андыктан 18-кылымда дүрмөт октуу мылтыктар чыккан соң, газырьлар өз күчүн жоготуп, ошол мезгилден тартып эч кандай атма зат кошулган затсыз эле кийилген улуттук кийимге айланган.

Чечен элинин улуттук мүнөзүн таанытып турган бул ийиндери кууш кийизден же эчкинин жүнүнөн жасалган узун кементай, ал адатта жамынма катарында кийилет. Мындай жамынма атчан кишилерге ылайыктуу, ал жамгырдан, шамалдан, ысыктан коргоп, калкалап турган.

Чечен мырзаларынын баш кийими папаха деп аталат. Папаха мырзанын намысын жана кадырын, абийирин коргоп турат дегенди билдирет. Чечен мырзаларынын улуттук баш кийими койдун жүнүнөн тигилген түз жактуу үч бурчтук болгон шоңшогой көрпө тебетей. Кокустан тебейтейге бирөө жарым колу менен тийе турган болсо, анда ал адам баш кийимдин ээсин акарат көрсөткөндүгү, кемсинткендиги болуп саналат. Унутуп калып бир жерге калтырып кетсе, же көпкө чейин албай туруп калса деле, ээси менен пикир келишпестиктер болбоосу үчүн, ал папахага эч ким тийген эмес. Эгер чечен мырзасы башындагы папаханы алып туруп жерге бир катуу таштаса, демек ал мен акырына чейин өчүмдү алам деген сөздү билдирген. Кокусунан мырзалар ушундай учурларда мушташа кеткен болсо, алардын кармашуусун башына кооз жасалгалуу жоолукчан жаш сулуу чечен кызы гана ажыраштыра алган, ал башындагы жоолугун ортого ыргытып эки мырзанын чырын токтоткон. Байлар бухар элинин койлорунун жүндөрүнөн жасалган тебетейлерди кийишкен. Чечен эли бул баш кийимди өз тилинде папаха деп коюшат. Ал эми жайкы баш кийимдердин катарына кийизден жасалган шляпалар кирет.

Чечендердин буттарында узундугу тизеге чейин жеткен жеңил өтүктөр болгон. Шымды адатта ушул өтүктүн ичине киргизип кийишет. Байлар башкалардан өзгөчөлөнүп чувяк өтүгүн кийүүнү жакшы деп эсептешкен.

Эркектердин улуттук кийимдерин өзгөчө коңур түстүү гамма түзөт. Ак түс бул байлыктын белгиси болгон. Бешметтер болсо ачык түстөгү тактары калган кийимдин түспөлдөшүнө ылайыкталып турган.












Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз