Ашкана ажары

26 , Июнь, 6:15 420

Ашкана ажары: Сыр кошулган даамдуу франсуз шорпосу

image

Француздар тамактануу - адам өмүрүндөгү маанилүү учур деп айтышат. Француз ашканасы тууралуу көп эле уксак да, алар чайды дээрлик ичишпейт экендигин эске алсак болот. Анын ордуна алар ресторандардан лимонад, шире жана кызыл шарап буюрутма кылышат. Бүгүнкү түрмөгүбүздө биз француздардын ашканасына сапар алып,тамшандырган «Сыр кошулган шорпонун» кандай даярдала тургандыгы тууралуу бөлүшөбүз.

Керектелүүчү азыктар:

500 грамм индюк сулп эти

200 грамм Эритилме сыр

400 грамм картөшкө

150 грамм пияз

180грамм сабиз

Ак май, туз, кара мурч, жашыл чөптөр жана лавр жалбырагы татымыңызга жараша кошулат

Даярдоо ыкмасы төмөндөгүдөй:

3 литрлик казанга суу куюп ичине индюктун сулп этин салабыз.

Казандагы суу кайнай баштаганда үстүнө 1 чай кашык туз,2 тоголок кара мурч,2-3 лавр жалбырагын кошобуз. Кайнагандан тартып дагы 20 мин орточо отто калтырабыз. Андан кийин этти казандан алып чыгабыз.

Картөшкөнүн, пияздын кабыгын аарчып аны кубик түрүндө туурайбыз , сабизди болсо сүргүчтөн өткөрөбүз.

Этти өтө чоң эмес кесимде кылып туурап, эритилме сырды да сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Шорпонун үстүнө картөшкөнү кошуп, 5-7 мин кайнатабыз.

Бул учурда ак майды көмөч казанга куюп, биринчи пияз, анан кийин сабизди салып, бир аз туз, мурчтан кошуп, кууруп алабыз. Куурулган массабызды шорпого кошкондон кийин, дагы 5-7 мин кайнатабыз.

Эң акыркы жыйынтыктоочу кезегине келип калдык, мында тууралган эттерибизди жана сырды шорппого кошуп 3-4 мүнөткө чейин жакшылап аралаштырабыз, анан отту өчүрөбүз. 

Дасторконго тартуулоонун алдында шорпонун үстүнө жашыл чөптөрдү себелеп койгонуңуз дурус. Тамагыңыздардын таттуу болушун каалап мен Таттыбү Назаркулова. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз