Ашкана ажары

12 , Июль, 4:17 394

"Ашкана ажары": "Харчо" грузин элинин улуттук шорпосу

image

Бүгүнкү түрмөгүбүздө тамшандырган грузин элинин улуттук шорпосу «Харчонун» даярдалуу ыкмасы менен бөлүшөбүз.

Даамдуу, тоюмдуу Харчо грузин элинин улуттук шорпосу болгону менен, көптөн бери бардык элдердин ашканасында даярдалып келатканы анык. Грузияда харчону ар бир аймак өз ыкмасы менен даярдап келишет. Алардын арасынан эң мыктысы деп кара өрүктүн кычкылы, грек жаңгагы жана жагымдуу жыт чыгаруучу чөптөрдүн кошулмасы менен даярдалган харчону айтышат. Айрым учурда кара өрүктүн ордуна гранат ширесин же томатты колдонуп келишет. Харчонун укмуштуудай даамын татуу үчүн сөзсүз грузин ашканасына деле баруунун кажети жок, аны сиз өз колуңуз менен үй шартында даярдасаңыз болот.

Керектелүүчү азыктар:

500 г уй эти

250 г грек жаңгагы

300 г гүрүч

200 г ткемали соусу

3 тиш чеснок

2 пияз

100 мл суу май

2 ч. кашык сунели ачыткысы

Кызыл калемпир, туз жана көк-чөптөр татымыңызга жараша кошулат.

Даярдалуу ыкмасы төмөндөгүдөй:

Этти жууп,аны үч бурчтук түрүндө туурап чыгабыз. Казандын ичине 2 литр суу куюп тууралган этибизди салабыз. Улам чий көбүгүн алып, аралаштырып, этти 2 саат жай отто кайнатабыз. Эттин бышканын билүү үчүн аны жеп көрүп анан гүрүчтү салып 15 мүнөттөй бышырабыз.

Пияздын кабыгын аарчып аны майда кылып туурап, өзүнчө көмөч казанга суу май куюп кызгылтым тартканча кууруйбуз.

Грек жаңгагын тазалап майдалап, курулган пияз менен кошо шорпонун ичине салабыз дагы 10 мүнөт кайнатабыз.

Мындан кийин шорпого туз, мурч, жашыл чөп жана даам чыгаруучу кургак кошулмаларды салып дагы 5 мүнөт кайнатабыз. Тамак даамдуу сиз элестеткендей бышсын десеңиз, жогорудагы тартиптерди сактаганыңыз оң.

Эң акырында чеснокту тазалап, майда туурап, анан аны шорпого кошобуз. Баса, харчону дасторконго тартуулоонун алдында ага жашыл чөптөрдүн түрүнөн кошууну унутпаңыздар






Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз