Алтын бешик

23 , Июль, 9:42 413

Айтамын Аксы жеримди

image

Айылдын ак таңдары, кирген кечтери ар бирибиздин эси-көөнүбүздөн кеткис сулуулугу менен өмүр бою коштой жүрөрү анык. Айылдан алыстаганыңда, анын деми бизге кубат берип тургансыйт. Салкын абасы, жыпар жыты, булкунуп аккан сууларын эч нерсеге алмаштыргың келбейт.

Бүгүн Жалал–Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Суу айылына сапар тартабыз. Ак-Суу таланттардын бешиги. Айылдан төкмө акын агартуучу Нурмолодо Наркул уулу, комузчу Ниязаалы  Борошев, жазуучу Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов жана башка таанымал инсандар чыккан. 

Аталган айылдын кулуну, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер акын жазуучу жана  котормочу Гилязетдинов Ильгиз Талипович бизге айылы тууралуу кызыктуу маек курду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз