Аялдар форуму: ар тараптуу маселелер талкууда

Аялдар форуму: ар тараптуу маселелер талкууда

Бүгүн Бишкекте аялдардын улуттук форуму башталды. Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Социалдык өнүгүү министрлиги уюштурду. Форум ордо калаадагы 4 жогорку окуу жайда жана Улуттук китепканада болду. Иш-чарада коомдо айымдардын ролун жогорулатуу тууралуу ой-пикирлер айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева айымдар үй-бүлөсүн гана эмес, коомду алдыга тарта турган күчкө ээ экенин белгиледи. Муну менен катар Отунбаева Кыргызстандын тышкы саясаттагы беделин көтөрүүдө айымдардын орду чоң экенин айтса, Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жергиликтүү бийликте аялдардын саны аз,-дейт.
“Бизде көп тил билген кыздар көп. Эларалык дипломатияга кыздарды көтөрүү үчүн алардын билим деңгээли эле эмес, артында колдой тургандары да болушу шарт”,-деди экс-президент Роза Отунбаева. 

“Бизде айыл өкмөт башчылардын арасынан аялдар 5 пайызды гана түзөт. Ошол эле учурда аялдардын арасынан мэр чыга элек. Баары эркек”,- деп билдирди Социалдык  өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.   

Кененирээк Гүлнара Касымбекованын сюжетинде:

 

Категория новости: 
Соңку жаңылыктар

Система Orphus