Базар баасы: картөшкө арзандады, май менен шекер кымбаттады

Базар баасы: картөшкө арзандады, май менен шекер кымбаттады

Кыргызстанда картөшкөнүн баасы арзандап, бирок май менен шекерге болгон баа жогорулаган. Бул тууралуу “Азык-түлүк коопсуздук үчүн, баалар мониторингинде” айтылат. Баалардын көтөрүлүп же төмөндөшү дүйнөлүк баалар менен доллар кунунун өзгөрүшүнө байланыштуу. Декабрь айында Бишкек, Нарын жана Ош шаарларын албаганда, башка аймактарда сүт, жумуртка, сабиз жана капустага болгон баа бир аз жогорулаган.

Эске сала кетсек, БУУнун Азык-түлүк боюнча программасынын колдоосу менен Стратегиялык изилдөө улуттук институту жана Экономика министрлиги биргелешип, азык-түлүк коопсуздук үчүн, бааларга жүргүзүлгөн мониторингиндин жыйынтыгын жарыялап турат.

 

Система Orphus