Биометрикалык каттоо: Shailoo.srs.kg ден текшер

Биометрикалык каттоо: Shailoo.srs.kg ден текшер

Мындан ары жарандар «shailoo.srs.kg » - сайты аркылуу өздөрүнүн биометрикалык каттоосун текшере алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сайт аркылуу жарандар биометрикалык каттоодон өткөнү жана кайсы шайлоо участогуна бекитилгени тууралуу так маалымат ала алышат. Мындан тышкары эгер жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, бирок системадан чыкпай калса, Мамлекеттик каттоо кызматынын чалуу борборуна дагы кайрылса болот. Ал үчүн өздөрүнүн маалыматын калтырышы керек.

“Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого 50 күндөй убакыт калганда каттодон өткөн жарандардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Шайлоочулардын тизмесин тактоо иши болсо, шайлоого он күн калганда токтотулмакчы. Азыркы тапта 2 миллион 573 миңге чукул жарандын биометрикалык маалыматы чогултулуп калды”,- дейт мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Эльзат Кыдырмышева .

Система Orphus