Эшектин этин сатып марыгандар

Эшектин этин сатып марыгандар

Кыргызстанда эшектерди союп этин тараткан жер табылды. Коомдук биринчи каналдын журналисттери Чүй облусундагы Манас айылында жайгашкан сарайга барган учурда, анда иштеген кызматкерлер биздин кабарчыларды көрөөрү менен туш тарапка качып жөнөгөн. Жергиликтүү кызматкерлерди сөзгө тартууга болбогондуктан биздин кабарчылар сарайдын ичине кирген. Ошондо жүрөктүн үшүн алган окуяга туш болушту. Анда жүзгө жакын мууздалган эшектин башын, шыйрактардын үйүлүп жатканын көргөн. Ал гана эмес эшектин ичеги карындарынан бери өз-өзүнчө кылып чакаларга туздап салып койгон. Сарай сыртында багылып жаткан эшектердин арасынан өлгөн эшектер жатканын көргөн. Мына ушундай окуяны камерага тартып жаткан учурунда терезелери караңгылатылган 3-4 унаа менен адамдар келип, биздин кабарчылардын камерасын тартып алууга аракет жасаган. Бул адамдар ушунчалык ызаланып жатканына караганда, алар эшек этин башка малдын эти,- деп алдап сатып келген.  
Үрөйдү учурган бул көрүнүш тууралуу кененирээк репортажды кечки саат 19:30да жана 21:30 да "Ала-Тоо" маалымат программасынын орусча жана кыргызча чыгарылышынан кененирээк көрө аласыздар.

 

 

Система Orphus