ГЭСтерди курууга башка инвестор тартылат

ГЭСтерди курууга башка инвестор тартылат

Өтүп бара жаткан аптада Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбарата -1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну денонсациялай турган мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койду.
Орусия тарап долбоорду улантуу мүмкүн эмес экендигин, мындай кадам аргасыздан жасалып жатканын айткан. “Орусияда качан каатчылык токтойт деп күтүп” отуруу болбостугун эксперттер дагы билдиришүүдө.
Адистердин пикириде - Кыргызстанда ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырууга кызыккан башка инвесторлор бар. Энергетика - бул экономикадагы дүйнө жүзү боюнча эң кирешелүү тармак. Ошондуктан ГЭСтердин курулушу менен өлкөгө инвесторлорду тартууга болот, анткени энергияны сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.
Өз кезегинде ТИМ орус тараптын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү менен кабыл алуу керек дешүүдө. Кененирээк Нургүл Жумабекованын сюжетинде:

 

Категория новости: 
Эл назарында

Система Orphus