Коңшулаш өлкөлөрдүн долларга карата киргизген чектөөлөрү

Коңшулаш өлкөлөрдүн долларга карата киргизген чектөөлөрү

Доллардын курсу – бүгүнкү күндө жеке эле Кыргызстанда эмес, коңшу өлкөлөрдө дагы актуалдуу маселелерден болуп калды. Анткени, америка акчасынын кунунан жада калса азык-түлүккө болгон баа дагы көз каранды. 
Ал арада өкмөт сатуу-сатып алууларды доллар менен жүргүзүп, баалардын доллар менен көрсөтүлүшүнө тыюу салды. Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө дагы орун алууда. Маселен, Тажикстандын Улуттук Банкы бардык акча алмаштыруу пункттарын жаап салуу чечимин кабыл алды. Акча алмаштыруу болгону банктарда жана алардын филиалдарында гана жүргүзүлөт.

Азербайжан дагы ушул эле кадамга барды. Бир нече күн мурда Түркмөнстан валюта сатууну такыр эле токтотту. Россия менен Казакстанда болсо акчасы нефтинин баасынын түшүүсүнөн улам, арзандады. Ал эми бизде кандай? Базарды турукташтырууда кандай иштер жасалууда? Кененирээк Улан Бакировдун материалында:

 

Категория новости: 
Эл назарында

Система Orphus