Сулайман тоонун айланасындагы талаш-тартыш

Сулайман тоонун айланасындагы талаш-тартыш

«Сулайман Тоо» улуттук тарыхый - археологиялык музей комплексинин кызматкерлери Президенттин атайын Указы менен жарыяланган тарых жана маданият жылынан көптү үмүттөнүп турушат. Анткени, алар корукка алынган аймакка ушул күнгө чейин мамлекеттик акт ала албай убара тартышууда.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастарынын тизмесинде турган аймакка мыйзамсыз курулуштардын курулуп кеткени дагы дүйнөдөгү абройлуу тизмеден чыгып калуу коркунучун жаратууда. Негизи, эреже боюнча Сулайман тоо ар тараптан айкын көрүнүп туруусу кажет.
Ал эми мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жатат дегендер жер участокторун мыйзамдуу түрдө алганын бекемдешүүдө. Кененирээк Актилек Гүлжигит кызынын материалында:

 

Категория новости: 
Эл назарында

Система Orphus