Улуттук маданиятты сактоонун аракеттери

Улуттук маданиятты сактоонун аракеттери

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Өлкө жетекчиси башында турган Кеңеш кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коом институттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, маданий чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга чыгармачыл интеллигенция, коомчулук жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлдү. 

Улуттук маданиятты сактоо, өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын тийиштүү жоболорун ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу Кеңештин негизги милдети. Кеңештин курамына чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун, мамлекеттик мекемелердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

 

Система Orphus