Жасалма доллардан сак болуңуз

Жасалма доллардан сак болуңуз

Акыркы жылдары жасалма акчаларды даярдоо менен таратуу коркунуч жараткан тенденциялардан болууда. Эл аралык уюмдардын эксперттери берген маалыматтарга караганда: Европада жасалма ЕВРО бир жылда 8-10% га көбөйгөн. Россияда рубль менен АКШда доллар бир жылда 15-20% га өскөн. Окшоштуруп жасоо боюнча алдыңды орунда 100 долларлык купюра турат. Бардык жасалма акчалардын дээрлик 90%ы мына ушул акча.

Жасалма акча даярдоо жана таркатуу үчүн жаза мурдатан эле эң катуу болуп келген. Бирок, ал деле арам ойду ишке ашырууну көздөгөндөрдүн санын азайтып ийген жок. 19-кылымдан тартып көптөгөн өлкөлөр каршылаштарынын акчасын басып чыгара башташкан. Маселен бул ыкманы Наполеон ошол кезде Россиянын экономикасын түшүрүү үчүн колдонгон. Ар кандай маалыматтарга караганда, Наполеондо өзү менен алып жүрө турган жабдуусу болгон экен. Биринчи дүйнөлүк согушта ири империялар мына ушундай адилетсиз ыкмаларды кеңири колдонушкан. Албетте, экинчи дүйнөлүк согушта деле колдонулган. Үчүнчү Рейх, же Германия жасалма акчаларды эбегейсиз коп чыгарган.

Мындай көйгөй менен күрөшүү үчүн бугун да мамлекеттер көптөгөн каражаттарды жумшашат. Утур банкноттор жаңыланып, анын коргонуу даражасы күчөтүлүп чыгарылып турат. Анткен менен, бүгүнкү техниканын өнүккөн заманында арам ой менен байлыкка туйтунууну каалагандар үчүн жасалма акча даярдоо оорго деле турбай калды.

Учурда террористтик уюмдар жасалма акчаларды чыгарып, таратып жатышкандыктарын адистер айтып келишет. Жыл жаңырарга жакын Кыргызстанга дагы 100 миң жасалма доллар алынып кирилген. Кимдер алып киргендиги тууралуу Гүлнара Касымбекованын материалында:

 

Категория новости: 
Эл назарында

Система Orphus