Бейпил түн

26 , Окт, 13:10 1394

Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт (аудио)

image

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бере албаганы менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка үзбөй берип турат. Ошонусуна шүгүр. А тоголок аялга ошол эле керек... Окуяны толугу менен Элмира Ажыканованын "Тоголок аял" аттуу аңгемесинен "Бейпил түн" адабий-музыкалуу уктуруубуздан уга аласыздар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз