15 , Май, 10:11 389

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш музыканттар

image

10-майда  К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын концерттик залында,  Консерваториянын 25 жылдыгына карата Студенттердин симфониялык оркестри  концертин тартуулады. 

Концерттин дирижёру Медет Осмонов.




Концерттин биринчи бөлүмү 

-В. А. Моцарттын “Фигаронун  үйлөнүү тою” операсынан увертюра менен башталды.

-В. А. Моцарт Коронационная месса

(I. Kyrie; II. Gloria; III. Sanctus; IV. Credo)

 К. Молдобасанов  атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын студенттик хору аткарды. Көркөм  жетекчиси, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айнагүл Мураталиева. Башкы  хормейстри, КР Билим берүүсүнүн отличниги, Эл аралык конкурстардын лауреаты  Юлия Остапенко.


 

Хордун солисттери:

Христина Севостьянова-сопрано

Ирина Шумилова-меццо-сопрано

Улан Асамудинов-тенор

Миран Жанарбай уулу-бас

Концерттин экинчи бөлүмүндө И. Б. Ванхальдын контрабас жана  оркестр үчүн концертинин 1 бөлүмүн аткарган контрабаста - К. Молдобасанов  атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын 4-курсунун студенти Соңкөлбек Алмазбек  уулу. Мугалими Э. Бахчиева. 


П. Сарасате Эки скрипка жана оркестр үчүн Наввара скрипкада - Каныш Нурди жана Жаңыл Дүйшекеева. Мугалими К. Кангельдиева.


Форсайттын альт үчүн концерти аткарылды. Альтта Юлдуз  Идаева. Мугалими А. Шаповалова.


С. Рахманиновдун фортепиано үчүн концертин студенттик  оркестр менен К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын  3-курсунун студенти Айша Кудайбергенова аткарды. Мугалими КР эмгек сиңирген  артисти, профессор Зайтуна Нарынбаева.


Студенттик оркестрдин дирижёру Медет Осмоновду концерттин  соңунда кептке тарттык. 

Медет Осмонов:

Биздин концерт студенттик оркестр менен дайыма өтүп турат  жана семестр сайын даярданып,  соңунда  мына ушундай маанайда тартуулайбыз. Студенттерибиз менен кызыктуу концерт  даярдаганга аракет кылабыз, жыйынтыгы жаман эмес. Консерваториянын көптөгөн  студенттери бизге кайрылып, оркестр менен коштоп берүүбүзду өтүнөт. Мен  колумдан келишинче алардын сунушун кабыл алып, жолугуп, анан аларга мүмкүнчүлүк  беребиз. Себеби, алардын талантын ойготуп, дем күч берип, шыктандырышыбыз  керек. Оркестр менен иштөөгө да тажрыйба топтошот. Мындай мүмкүнчүлүктөр боло  бербейт. Ошол себептен жаш музыканттарга дайыма көңүл буруп, студенттерибизге  колдоо көрсөткөнгө аракет кылам. Бүгүн ийгиликтүү аяктап алдык деген ойдомун,  албетте оркестрдин тажрыйбасы аз.  Баса белгилеп  айта кетчү нерсе, бүгүн масштабдуу концертти Айша Кудайбергенова аткарды.  Рахманиновдун концертин оркестрдин коштоосунда элге тартуулады. Абдан таланттуу  пианист.


 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз