Бир ырдын баяны

30 , Май, 11:01 464

Бир ырдын баяны: Махабат деген муңум бар

image

       Угармандардын сүйүп уккан ырына айланып, бирок жаратмандары белгисиз бойдон калган ырлар көп эле кездешет. Же болбосо ушул күнгө чейин талашка түшүп, авторлору так аныктала элек ырлар ырдалып эле жүрөт. Бүгүнкү программабызда мына ушундай авторлору көпчүлүккө белгилүү боло бербеген “Махабат деген муңум бар” же эл арасына “Мен сизге ашыкмын” деген ат менен кеңири тараган белгилүү ыр жөнүндө сөз кылабыз. Обону КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү композитор Исрадин Аманбаевдики, ал эми сөзү Казак элинин акын кызы Акмарал Илеубаеваныкы. Кыргызчага которгон Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев. Уктурууну даярдаган Чыңгыз Рыскелдиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз