Бир ырдын баяны

24 , Окт, 15:55 463

Бир ырдын баяны: Жакшы сөз айтчы мага

image Фото: фото: Сыймык Бейшекеев

“Жакшы сөз жан эргитет” - деп элибизде айтылгандай сөздүн таасири адам баласынын жашоосун көрккө да бөлөйт, кунарсыз жайга да айландырат. Бул эки жолдун кайсынысы адамга көбүрөөк керек дегенде айрыкча, чыгармачыл адамдар жакшысын тандайт. Өзгөчө акындар сөздүн гүлүн терип, окурманыма керемет саптарды тартууласам экен деп далалат кылат. Ал эми ошол берметтей тизилген саптарды булактын шыңгырындай мукам кайрык коштосо ырдын ого бетер таасири артып, дүйнөсү кеңейе түшөт. Бүгүнкү “Бир ырдын баяны” программасынан мына ушул үч максатты бир муштумдай бириктирген ыр жөнүндө кеп кылганы турабыз. Тагыраагы А. Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган, КР эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеевдин “Жакшы сөз айтчы мага” аттуу ырынын тарыхына кайрылабыз. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз