1 , Сент, 15:49 417

XIII эл аралык айтышта баш байгени Жеңишбек Жумакадыр алды

image Фото: www.ktrk.kg

Кечээ 31-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын чоң залында Залкар төкмө А. Үсөнбаевдин 125, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата өткөн XIII эл аралык Айтыш-2019 жыйынтыкталды. Эл аралык айтышка кош байге коюлган болчу. 


 Анда баш байгени Жеңишбек Жумакадыр-Айнур Турсунбаева,


 1-орун Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков,


 2-орун Азамат Болгонбаев-Мухтар Ниязов,


 3-орун Эламан Келдибеков-Балгынбек Имаш алса,


Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык Мухтар Ниязовго,
 Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлык Балгынбек Имашка,
 Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык Азамат Болгонбаевге, Бексултан Жакиев атындагы сыйлык Эламан Келдибековго берилди.

Белгилей кетсек, айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында өткөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз