Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

16 , Май, 11:34 2517

"Кыз-жигит. Сармерден" теледолбоору 5 жылдык мааракесин белгилешти

image

Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Коомдук биринчи каналдын "Кыз-жигит. Сармерден" теледолбоорунун 5 жылдык мааракесинин урматына чоң программадагы концерт уюштурулду.  

Кыргыз элинин элдик чыгармачылык өнөрлөрүн, улуу мурасын кеңири жайылтууга чоң салымын кошкон теледолбоор бул аралыкта бир нече жолу сыйлыктардын ээси болду. 

Алгачкы эксперттер, залкар комузчу Нурак Абдырахманов, КР Эл артисти Гүлсүн Мамашева болуп,  кыз-жигиттин айтыштарына өзүлөрү убагында күбө болуп калгандыктан, керектүү кеп-кеңештерин берип, долбоордун маңыздуу жаралышына зор салымдарын кошушкан. 

Теледолбоордун автору койгон режиссеру Сагын Ниязалиева:

КТРКда 30 жылдан бери эмгектенип жүрүп, бир нече теледолбоорлорго алып чыктым. Бирок ошолордун арасынан эл арасына аз аралыктын ичинде тез жайылып, популярдуулукка жетишкен ушул долбоор болду. Мындай болуштун дагы өз негизи бар. Анткени кыз-жигиттин оюнун тээ биздин ата-бабаларыбыздан ушул мегзилге чейинки оозеки чыгармачылыкты даңазалаган оюн. 

Учурда теледолбоордун алкагында ойнотулган бул айтыш  бала бакчадан тартып, окуучулар студенттер арасында кеңири жайылып жактандыгы мени абдан кубандырып жатат. Мындан тышкары чет жерлерди дагы уюштуруп жатышат. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз