Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

17 , Май, 8:40 329

Кыргыз тасмасы европада көрсөтүлөт

image

"Апамды издеп" тасмасы 3-11-июнь аралыгында Германиянын бир катар шаарларында жана Франциянын Парижинде көрсөтүлөт. 

Тасма Германиянын Франкфурт, Штутгарт, Цвиккау жана Дюссельдорф шаарларында жана Парижде көрсөтүлөт. Буга чейин тасма АКШнын Чикаго, Нью-Йорк жана Лос-Анджелес шаарларында көрсөтүлгөн. 

"Апамды издеп" тасмасы Азамат аттуу баланын апасын издеп Америкага чейин барганы тууралуу тартылган. Энесинен кичине кезинде ажырап, эс тартканда аны элестете албай калган Азамат Лос-Анжелестен Данияр аттуу балага жолугуп калат да, тасманын сюжети андан ары уланат. 

Башкы ролдордо кыргыз актеру Азамат Уланов, Жеңиш Майрамбек уулу, Казакстандын алып баруучусу жана ырчысы Тауекел Муслим жана америкалык Майкл Мапонго ойногон.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз