Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

19 , Май, 6:51 1994

«Ала-Тоо жазы - 2017» республикалык фестивалы жыйынтыкталды

image

Бишкекте «Ала-Тоо жазы - 2017» республикалык фестивалы өттү. Фестиваль премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен "Ыйман адеп жана маданият" жылына карата бекитилген пландын негизинде өткөрүлдү. 

Ага жалпысынан 22 жогорку окуу жайдын студенттери катышты. «Ала-Тоо жазы - 2017» фестивалынын байге фонду 1 миллион сомду түзүп, гала концерттин жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. 

Фестивалда гран-при сыйлыгына Бишкек шаарындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери, биринчи орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2-орунга Бишкек гуманитардык университети, Талас мамлекеттик университети жана Ош мамлекеттик университети ээ болушту. 

Фестиваль студенттердин колунан жаралган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү менен коштолду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз