Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

9 , Нояб, 9:20 5610

Катардын Доха шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди

image

Катардын Доха шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди. Бул тууралуу демилгечилер маалымдашты. Ага ылайык, шаардын ири магистралдык жолун бойлой 10 боз үй тигилери пландалууда. Учурда бешөө тигилип даяр болду, калганы Бишкектен жакын арада жөнөтүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, катарлыктар жыл сайын ушул маалда улуттук майрамдарын өткөрүшөт. 

Ар жерден келген туристтердин катышуусунда өткөн иш-чарада Кыргызстан тууралуу роликтерди көрсөтүлүп, кыргыз жерлери менен маданияты даңазаланат. 

Максат - өлкөнү таанытып, туристтерди тартуу болуп саналат. Ошондой эле, майрамга араб өлкөлөрү гана катышып, чет жаткан бир гана Кыргызстан барат. Иш-чаранын расмий ачылышы 21-ноябрда болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда