Биз социалдык тармактарда
“Миң Кыял FM” радиосу жөнүндө
Кыргыз Коомдук Телерадиокорпорациянын 3-каналы болгон “Миң кыял FM” радиосу 2007-жылы 1-январда ачылган. Кыргыз улуттук Радиосунун 1, 2–программаларынан эфирдик классификациясы аркылуу кескин айырмаланат, тактап айтканда, “Миң-Кыял FM” 80% музыкадан, 20%ы маалыматтан турат. Радио программаларын музыкалык-маалыматтык форматтын принциптерин сактоо менен кыргыз тилинде гана даярдайт. Музыкалык саясаты боюнча Кыргызстандык гана аткаруучулардын кыргыз жана орус тилдүү чыгармаларын угармандар арасында жайылта турган алгачкы радиостанция. Ошондой эле рекламалык кызмат дагы эки тилде жүргүзүлөт. Маалымат таратууда “Миң кыял FM” радиосу “Би-Би-Си” Бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы менен өнөктөш экендиги менен өзгөчөлүү.
“Миң кыял FM” Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча FM 103.7 МГ ц жыштыгында, “стерео” режиминде, жалпы көлөмү 24 саат бою иш алып барат. Мындан сырткары, радиостанция учурда Баткенде FM 102.2 МГ ц, Ош жана Жалал Абад облустары боюнча FM 106.3 МГ ц, Нарын облусунда FM 107.7 МГ ц, Талас облусунда FM 105.7 МГ ц,