Шоу-бизнес жанылыктары

17 , Окт, 4:51 387

Канткенде кыялыбыздагы жашоодо жашай алабыз?

image

Кантип жашообуздагы эң кыйын көйгөйдү чече алабыз, кантип алдыга койгон максатыбызга жетебиз, жана кантип кыялыбыздагы жашоодо жашай алабыз?  

Бул суроого сиз белгилүү канадалык жазуучу, мативатор Джон Кехонун “Подсознание может все” китебинен жооп таба аласыз. Китеп 2011-жылы жарыкка чыккан. Болгону 176 беттен турат. Окуганга абдан ыңгайлуу жана кызыктуу.  


Сиз жашоодон эмне кааларыңызды чечтиңизби? Ден-соолук? Бийлик? Бакыт? Рух? Анда сиз дени сак акыл, бийлик, бакыт, рухтун мыйзамдарын иштеп чыгыңыз. 

Сиздин сезимиңиз, сиздин акылыңыз, сиздин оюңуз - бул ийгиликке жетүүнүн өнөктөштөрү. Жаңы жашоого алгач кадам таштоо жөнөкөй нерсе, болгону өзүңүздүн оюңуздун үстүндө иштегенди билиңиз. 


Эгерде сиз тышкы жагдайларды өзгөртөм десеңиз, алгач ички жагдайды өзгөртүңүз. Сиз ойлогон ар бир ой жашооңузга таасирин  берет. Бүгүнкү оюңуз, эртеңки келечегиңиз. Дайыма ар бир кыялыңызды, алдыга койгон максатыңызды - азыр реалдуу түрдө болуп жаткандай рольго кирип элестетиңиз. Кыялыңызды күн сайын 1 жолу элестетсеңиз, кыялыңызга жетүүнүн жолу  жакындаганын билесиз. Ийгиликке жетем десеңиз, жаман ойлордон алыс болуңуз. Анткени ар бир ойлогон оюңуз жашооңуздан  орун алышы мүмкүн.  


Джон Кехонун “Подсознани может все” аталышындагы китеби сиздин жашооңузга өз пайдасын алып келет. Андыктан ийгиликке жетем, кыялым орундалсын, бактылуу жашоодо жашагым келет десеңиз бул китепти сизге сунуштайбыз. Чыныгы ийгилик сизден көз каранды! 

Категория: Дүйнө жаңылыктары

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз