Шоу-бизнес жанылыктары

6 , Июнь, 13:55 546

Анжелика 30 жылдык юбилейин өткөрөт

image

Алина Жетигенова өзүнүн жеке концертин берет.


КР эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова өзүнүн жеке концертин берүүгө даярданууда. Концерт июнь айынын соңку күндөрүндө Спорт ордосунда өтөт. Бул концертке кызуу даярданып жүргөн ырчы айым көптөгөн жаңы ырларын элге тартуулайт. Учурда Алина Жетигенова жаңы костюмдарды тиктирип, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдө.

Айгерим Расул кызы кайрадан сахнага кайтып келди. 



Таланттуу ырчы Айгерим Расул кызы кайрадан сахнага кайтып келди. Өзүнүн жаңы ырлары жана клиптери менен сахнага кайткан ырчы айым мындан ары тынымсыз эмгектенип жигердүүлүк менен иштээрин баса белгиледи. Азыркы тапта Айгерим Расул кызы Ош шаарында “Келем сага” аттуу ырынын клибин тартуу менен алек болууда. Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин ырчы декретке чыккан болчу.

Анжелика Кайратовна 30 жылдык юбилейин өткөрөт.



Ажарлуу ырчы Анжелика 12-июнь күнү өзүнүн 30 жылдык юбилейлик концертин өткөрүүнү пландоодо. Белгилей кетсек, ырчы айым 12-июнда жарык дүйнөгө келген. Ырчынын айтымында, бул концертте өзгөчө шоу программалар, көптөгөн сюрприздер, коноктор үчүн жайылган дасторкон, туулган күндүк таттуу торт жана Айдана Меденова баш болгон Казакстандан келген  өзгөчө коноктор, келген көрүүчүлөрдүн маанайын 100 пайызга көтөрөт деп билдирди.  Концерт Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өтөт.

                                                                                                                                        Топтогон: Айгерим Бакытбекова.

Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз