Шоу-бизнес жанылыктары

10 , Июнь, 13:08 451

“Кыз Бурак” тобу бул жылдын эсебинен жаңы курамда

image

Кыз Бурак” тобунда жаңы жүздөр.

30 жылдан ашык тарыхы бар “Кыз Бурак” тобу бул жылдын  эсебинен жаңы курамда, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартуу менен өзүнүн  жаңы курамын тааныштыруу алдында турат. Июнь айынын соңунда “Замана” аттуу жаңы  ырын көпчүлүк угармандарга тартууласа, ал эми көрөрмандар үчүн “Заман али”  аттуу ырдын клибин презентация кылышат. “Кыз Бурак” тобунун аткаруучу директору  Сайкал Садыбакасова: “Бул жаңы курам 3 кыздан турат, баары жаңы стилде, жаңы  образда, заманбап ырлар менен эл алдына чыгат” – деп билдирди.


Клипмейкер Эрнист Сыдыков студиялуу болду. 

Кыргыз шоу бизнесиндеги 90 пайыз ырчылардын клибин жарыкка чыгарып, тартып жүргөн режиссер, клипмейкер Эрнист Сыдыков өзүнүн жеке студиясын ачты. Ал жакта фото жана видео студия болуп, шоу бизнес өкүлдөрү үчүн өзүнүн кызматтарын тартуулаганы турушат. Бул студиянын ачылышы тууралуу Эрнист Сыдыков: “Мен көпчүлүк учурда буга чейин үйдөн иштеп келгем, үйдөн дагы бардык ырчыларды чакырып, алар менен кеңешүү бир аз ыңгайсыздыктарды жараткандыктан, чыгармачылык эргүү топтоо үчүн жеке студиямды ачып иштөөнү туура көрдүм. Мындан ары дагы жаңы клиптерди,  жаңылыктарды менден күтсөңүздөр болот” – деп билдирди.


Аваз Акимов жеке бизнес ачты.

Аваз Акимов өзүнүн чакан жеке бизнесин ачты. Буга чейин сиздер Аваз мырзаны ырчы катары таанып билсеңиздер, эми аны бизнес жаатында да көрсөңүздөр болот. Аваз Акимов чакан бизнесин айдоочулар үчүн мотор майларын куюуучу жана алардын фильтрлерин тазалоочу жай ачып айдоочуларга өзүнүн кызматын көрсөтө баштады. Ырчынын айтымында “эгерде бизнесим ийгиликтүү болсо, дагы да болсо айдоочуларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, кеңсебизди чоңойтобуз” – деп билдирди.




Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз