Шоу-бизнес жанылыктары

11 , Июнь, 14:09 189

Ырчы Минюра Рахимжанова продюсер издейт

image

Таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова сахнага кайтты. 

Таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова сахнага кайтты. Бир  нече жыл чет өлкөдө билим алып жүргөн ырчы, жакында чыгармачылыкка кайтып,  өзүнүн жаңы ырларын жаздыруу менен бирге жеке чакан вокалдык студиясын иштетүүдө.  Азыркы тапта чыгармачылыкка киришүү максатында өзүнө продюсер издеп жүргөн  чагы. Минюра Рахимжанова: “Жакында менден жаңы ырларды күтсөңүздөр болот” – деп  билдирди.


Нурмат Садыров темир  тулпарлуу болду. 

Торгоюм деп сыздап жүргөн ырчы Нурмат Садыров өзүнүн кыялын орундатып Лексус 470 маркасындагы автоунаалуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза “Мага көбүнчө Лексус маркасындагы машиналар жагат, өзүмдүн буга чейинки машинам дагы ушул маркада болгон, бирок ал чакан болгондуктан чоңураак типтеги машиналуу болгум келип, ушул машинаны сатып алдым, түсү ак жана 4 дөңгөлөгү жалаң гана элимдин жакшылыгына кызмат кылып жүрсүн деген ниет менен жакшылыктарда айдап жүрөм”- деп билдирди.


Ырчы Ильяс Кудретов  экинчи ирет ата болду.

“Добулбас” тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Ильяс Кудретов уулдуу болду. “Жубайым 9-июнда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды, эне-баланын абалы жакшы. Уулум 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү, бою 53 сантиметр. Буга чейин уулдуу болсом атын Абдулла коём деген ниетим бар болчу. Ата-энем менен кеңешип, ушул ысымга токтолдук” – дейт ырчы. Белгилей кетсек, Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада 2017-жылы Наима аттуу кыздуу болушкан.



Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз