Шоу-бизнес жанылыктары

12 , Июнь, 15:08 176

Мирбек Атабеков июль айында Москва шаарында жеке концертин берет

image

Кыргыз Республикасынын эл  артисти Юрий Бобков ооруканадан чыкты. 

Кыргыз Республикасынын эл артисти Юрий Бобков ооруканадан чыкты. Бул тууралуу “Миң кыял FM” радиосу байланышып, абалын сураганыбызда өзү билдирди. Азыркы учурда абалы жакшы. Анын айтымында: “Мен жакында эле ооруканадан чыктым, оорусам дагы өзүмдүн жардамчыларымдын жардамы менен чыгармачылыкты, жумушумду калтырбай жасай берем жана ооруканада мени караган бардык дарыгерлерге рахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирем” – деп айтты. 


Белгилей кетсек, Юрий Бобков апрель айында жыгылып кетип, акырек сөөгү сынган. Эл артистине 2 жолу операция жасалган. Юрий Бобков - "Досум-Үсөн" тобунун негиздөөчүсү. Мындан тышкары ал КТРК "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорун эфирге алып чыккан продюсер. Ошондой эле шоу-бизнес чөйрөсүндө кадыр барктуу устат.

Ырчы Арсен жубайы менен тун наристесин күтүшүүдө.

Таланттуу ырчы Арсен жубайы Бегимай менен бирге тун наристесин күтүшүүдө. Жакынкы күндөрү жарыкка келе турган наристесин чыдамсыздык менен күтүп жатышкан түгөйлөр кыздуу болоорун баса белгилешти. Белгилей кетсек, жаш жубайлардын үйлөнүү үлпөт тою 2018-жылдын 18-июлунда өткөн.




Мирбек Атабеков Москва шаарында жеке концертин берет.

КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 13-июль күнү Москва шаарындагы мекендештерге жеке концертин берет. Бул концерт боюнча учурда даярдык кызуу жүрүп жаткан чагы. Ал эми жубайы менен гастролдук сапарга июль айында аттанайын деп жаткан ырчы “Буйруса жубайым экөөбүздөн көптөгөн жаңылыктар болот, концертиме келиңиздер” – деп чакырык менен билдирди.




Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз