Шоу-бизнес жанылыктары

13 , Июнь, 17:17 316

Нурлан Насип кызына жентек той берет.

image

Нурлан Насип кызына жентек той берет. 

Кыргыз  шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү түгөйлөр Нурлан Насип жана Асель Кадырбекова кызы  Дарияга 16-июнь күнү жентек той берет. 


Бул тууралуу Нурлан: “Токтогулдан жана Ош шаарынан көпчүлүк туугандарыбыз, менин жакындарым үйүбүзгө келип, кызыбызды көрүп кеткендигине байланыштуу калың элден бата алып, кызыбызга жээнтек той берип коюуну туура көрдүк, бул тойго бардык шоу бизнес өкүлдөрү чакырылды” – деп билдирди.

Ырчы Кундуз Канатбек кызы сахнаны таштайбы?  

90-60-90 аттуу ыры менен кыргыз элине таанылган ырчы Кундуз Канатбек кызы былтыр турмушка чыгып, быйыл февраль айында эне статусуна ээ болгон. Учурда декреттик өргүүдө жүргөн Кундуз: “Сүйүктүү жолдошум ырчы болууну каалабагандыктан, сахнаны таштоону туура көрдүм, мен үчүн биринчи орунда үй-бүлө, сахнаны таштоого даярмын” – деп билдирди. Азыркы учурда кызын тарбиялоо менен бирге бизнеске өтүүнү пландоодо.


Гүлзат Мамытбек жакында  жеке концертин тартуулайт.

Гүлзат Мамытбек жакында жеке концертин тартуулайт. 30-июнда өтө турган жеке концертине карата тик учакта фотосессия жасады. Учурда кызуу даярданып жаткан убагы.


Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз