Шоу-бизнес жанылыктары

1 , Июль, 21:26 897

Ырчы Анжелика 20 күндө 10 өлкөнү саякаттайт

image

Ырчы Анжелика 20 күндө 10 өлкөнү саякаттайт

Жакында эле ата-энеси жана кыздары менен Египетте эс алып кайткан ырчы Анжелика 20 күндүн ичинде 10 өлкөнү саякаттайт. Алгачкы саякаты Баку шаарынан башталды. Жакынкы күндөрү Европанын бир нече шаарларын кыдырууну пландоодо. Учурда Анжелика Грузиянын Тбилиси шаарында жүргөн мезгили. Ырчы бул аптаптуу жайды эс алуу менен өткөрөт.


Султан Садыралиев жаңы эмгектерин коомчулукка тартуулады  

Ырчы Султан Садыралиев жаңы эмгектерин коомчулукка тартуулады. Өзү авторлук кылган "Келчи, келчи" аттуу чыгармасын жакында эле жарыкка чыгарган ырчы өзүнүн репертуарындагы "Кусалык" аттуу ырына клип тарттырып, аны дагы коомчулукка, күйөрмандарына тартуулады. Учурда жаңы эмгектеринин үстүнөн иштеп, жеке концертин берүүнү пландоодо.


Асель Кадырбекова эс алуудан соң чыгармачылыкка кайтты

Декреттик өргүүдө жүргөн ырчы Асель Кадырбекова чыгармачылыкка кайтты. Ушул жылдын жаз айларында кызы Дарияны жарык дүйнөгө алып келген Асель Кадырбекова жакында эле Бишкек-Ташкент аттуу ырын жарыкка чыгарды. Учурда ырга клип тарттырууну пландоодо.

-"Бул чыгарманы жолдошум мага белек кылды жана ырдын үстүндө иштеген Эдил Маматовго  ыраазычылыгымды билдирем" - дейт, ырчы Асель Кадырбекова. Белгилей кетсек, Асель Кадырбекова ушул жылы 27-мартта кыздуу болгон. Ал 2018-жылы ырчы Нурлан Насипке турмушка чыккан.


Ырчы Арсен кыздуу болду

Ырчы Арсен кыздуу болду. Анын жубайы Бегайым 29-июнда көз жарды. Жагымдуу кабарын күйөрмандары менен бөлүшкөн ырчы жубайына ыраазычылыгын билдирип, маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн убагы. Учурда эне баланын абалы жакшы. Ырчынын айтымында кызы 29-июнь күнү саат 2лер чамасында бою 53 сантиметр, 3 килограмм 600 грамм салмакта төрөлдү. Белгилей кетсек, түгөйлөр 2018-жылы июль айында баш кошушкан.



Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз