http://ktrkdev.ktrk.kg/Жээнбеков Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлү менен жолугушту

Жээнбеков Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлү менен жолугушту

24 Янв 2017 , 7:33 774

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 16-январда болгон авиакырсыктын себептерин иликтеп жаткан Эл аралык авиациялык комитеттен келген Леонид Каширский менен жолугушту. 

Эскерте кетсек, Каширский кырсыктын себебин иликтеген комиссиянын төрагасы. Ал - премьер менен жолукканда авиациялык комитеттин эксперттери авиакырсык болгон жерде кыйроонун себептерин иликтөөнүн жыйынтыктоочу баскычын жүргүзгөндүгүн жана жакын арада кыргыз коомчулугуна толук маалымат берилээрин билдирди. Комиссиясы мындан аркы иликтөө ишин Бишкекте улантат.


Новости по дате