http://ktrkdev.ktrk.kg/Билим берүү тармагы талкууланды

Билим берүү тармагы талкууланды

15 Фев 2016 , 9:19 799

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев билим жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы билим берүү системасында жүрүп жаткан реформалар, атап айтканда, мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде жана жогорку окуу жайларда аларды каржылоонун ачык-айкындуулугун жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу чыгымдоону камсыз кылуучу жаңы ыкмаларды киргизүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат алды. 

Эльвира Сариева ошондой эле билим берүү мекемелерин көз карандысыз аккредитациялоону жана мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандарттоону киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди. Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Эльвира Сариева өлкөдөгү мектептерди реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшүн, ошондой эле мугалимдер менен окутуучуларды турак жай менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Новости по дате