http://ktrkdev.ktrk.kg/Санкт-Петербургдагы сүрөт академиясына С. Чокморовдун бюсту берилди

Санкт-Петербургдагы сүрөт академиясына С. Чокморовдун бюсту берилди

27 Март 2017 , 3:34 1883

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Репин атындагы Россия Федерациясынын сүрөт академиясында СССРдин эл сүрөтчүсү, белгилүү кыргыз актеру Сүймөнкул Чокморовдун бюстун белекке берди. 

Ошондой эле, Чокморов кыргыз элинин жүзүн, жалпы көп улутту Совет элинин кино өнөрүн дүйнөгө таанытканын да кошумчалады. Иш-чарага Чокморовдун бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов, Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси, Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Аземдин алкагында КМШ Парламенттик Ассамблеясынын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча комиссиясына таандык маалыматтык-аналитикалык журналы Чыныбай Турсунбековго редакциялык коллегиянын ардактуу мүчөсү наамын ыйгарышты.

 "Россия элин 25-март маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Иш чаранын ушул даталуу күнгө туш келип жатышы да жакшы жышаан. Анткени биз бүгүн кыргыз маданият тарыхында аты алтын тамгалар менен жазылып калган кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморовду дагы бир жолу сыймыктануу менен эскерип жатабыз. Ал алгачкы билимди Фрунзеден алып, кийин ушул И.Репин атындагы сүрөт иститутунда талантын такшалткан. Андыктан, Сүймөнкул Чокморовдун бюстун өзү окуган мекемеге коюу баарыбыздын тарыхый милдетибиз",-деди Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Новости по дате