http://ktrkdev.ktrk.kg/Улуттук аскер лицейи реформаланат

Улуттук аскер лицейи реформаланат

31 Март 2017 , 3:27 3571

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дайыр Асанов атындагы кыргыз Улуттук аскер лицейинде 2017-2018-окуу жылында окуу процесси реформаланат. Буга байланыштуу аскер   лицейи бир жыл студенттерди  кабыл албайт. Ал аралыкта  лицейдеги окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу жана тарбиялоо процесстерин ылайыкташтыруу, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери жүргүзүлөт.

Реформалоодогу дагы бир жаңы өзгөртүү - лицейге тапшыруучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу киргизилди. КУАЛга тапшыруу үчүн 9-классты бүтүргөндөргө же жалпы билим берүүчү мектептин тогуз жылдык толук эмес билими тууралуу күбөлүгүн алгандарга гана тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошол эле учурда ортодо бир жыл өткөрүлгөндүгүнө карабастан 2018-жылдын жайында 9-классты бүтүрүп лицейге тапшыргандар, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн биринен кийин бири кеткен санак тартибин бузушпайт.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Новости по дате