http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекте мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт

Бишкекте мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт

23 Июнь 2017 , 4:27 3754

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада 2017-жылдагы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт. Мэриянын маалыматына караганда, иш-чара 24-июнь күнү уюштурулат. Кечеде Бишкектеги билим берүү мекемелеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө кызыл аттестаттар тапшырылат. 

Белгилей кетсек, 2017-жылы шаардык мектептерде 9-классты 9 миң 997 окуучу, ал эми 11-классты 5 миң 709 бүтүрүүчү аяктады. "Алтын" бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиаданын, сынактардын лауреаттары, жеңүүчүлөрү да бар. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин депутаттары, мектеп жетекчилери катышмакчы.



Новости по дате