http://ktrkdev.ktrk.kg/Жалал-Абад: бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жараксыз болуп калды

Жалал-Абад: бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жараксыз болуп калды

30 Июнь 2017 , 5:13 4709

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусундагы сегиз район жана беш шаардагы мектепти быйыл аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарынын баары жараксыз болуп калды. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов “Азаттыкка” билдирди. 

Маалыматка караганда, “Тартип” аталышындагы басмакана облустагы беш миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттарын “Кыргыз Республикасынын” деген жазууда акыркы “н” тамгасы жок басып салган. Бүтүрүүчүлөргө таратылган аттестаттар кайрадан чогултулуп, министрликке жөнөтүлөт. Учурда басмакана экинчи жолу документтерди кайталап басууга берип, айрым райондордо окуучулар ала баштады. Министрликтен кабарлашкандай, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы орто билими тууралуу аттестаттары ЖОЖдорго кабыл алуу башталганга чейин алмаштырылат.


Новости по дате