http://ktrkdev.ktrk.kg/Коомчулукту китеп окууга үндөгөн иш-чара башталды

Коомчулукту китеп окууга үндөгөн иш-чара башталды

7 Июль 2017 , 5:09 5445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын баардык аймактарында буккроссинг башталды. Бул чечмелеп айтканда белгилүү адамдар өздөрү окуган китептерин белекке берип же башкалар окусун деп коомдук жайларга таштап кетүү ыкмасы.

Бул "Китепкөйлөр кыймылы" жана "Адабий кечелер" долбоорунун алкагында уюштурулган иш чара. Мунун максаты бир гана жолу окулуп, ошону менен текчеде кала берген китептерге "экинчи жашоо" берип, адамдарды китеп окууга тартуу. Анын дагы бир эрежеси кайсы бир жайдан таап алып окуган китепти окуп бүткөндөн кийин буккроссинг ыкмасы менен кафе, сейил бак, театр сыяктуу коомдук жайларга таштап кетүү керек.


Новости по дате