http://ktrkdev.ktrk.kg/Баткен: чакан китепкана курулду

Баткен: чакан китепкана курулду

10 Июль 2017 , 9:06 5742

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткендин Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук айылына активисттер тарабынан чакан китепкана курулду. Буга чейин  китепкана жок болгондуктан, китептер   мектептин бөлмөлөрүндө сакталып, көп жоголуп турчу. Алгачкы түптөлгөн  китепкана чек арадагы кыргыз-тажик жаштары  тарабынан тургузулуп,курулуш иши бир жумаа аралыгында журдү. Бул аралыкта, эки  улуттун жаштары достошконго да жетишишти.

Жаңы ачылган имарат бир бөлмөдөн туруп, окуу залы түзүлгөн эмес. Китеп текчелерине 500дөн ашуун китеп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чогултулган. 

Эске сала кетсек Таш-тумшук орто мектеби 2010-жылы курулуп, 4 бөлмөдөн турат. Учурда 80 бала билим алат. Ал эми айылда жалпысынан 60 кожолук жашайт.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"


Новости по дате